Abank_june
SerepTV Logo

Бишкекте Васильевский тракт көчөсүн реконструкциялоонун үчүнчү этабы башталат

Бишкекте Васильевский тракт көчөсүн реконструкциялоонун үчүнчү этабы башталат
 
Бишкек шаарынын жол-транспорттук инфратүзүмүн жаңылоонун алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен реконструкциялоо иштери уланууда.

Оңдоо иштеринин биринчи этабы 23-26-июнь күндөрү ийгиликтүү аяктап, жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн жол тилкеси реконструкцияланды. Экинчи этап 27-июндан 4-июлга чейин жүргүзүлүп, Фучик көчөсүнөн «Манас» эл аралык аэропортуна чейинки жол тилкесин камтыды. Эми 2026-жылдын 5-июлунан тартып реконструкциялоо иштеринин үчүнчү этабы башталат. Бул этапта Комсомольская көчөсүнөн ЧЧКга чейинки жалпы узундугу 7 чакырым болгон тилкеде иштер жүргүзүлөт.

Жол кыймылынын катышуучулары үчүн жаралуучу ыңгайсыздыктарды азайтуу максатында көчө толугу менен жабылбайт. Оңдоо иштери жүрүп жаткан мезгилде эки багыттагы автоунаа кыймылы жолдун бир тарабы аркылуу уюштурулат. Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун убактылуу киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга, жол белгилеринин талаптарын жана жөнгө салуучулардын көрсөтмөлөрүн так сактоого, ошондой эле жүрүү багытын алдын ала пландап алууга чакырат. Аталган иштер жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга жана шаарда борбор калаанын тургундары үчүн ыңгайлуу чөйрөнү түзүүгө багытталган.