Бишкекте өрт чыккан объект текшерилип, курулуш иштери убактылуу токтотулду
14-ноябрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин инспекторлору Бишкек шаарынын Киев көчөсү 42 дарегиндеги курулуш объектисинде катталган өрткө байланыштуу объектиге комиссиялык текшерүү жүргүздү.
Текшерүүдө Курулуш министилигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун адистери менен биргеликте окуя болгон жерге барып, объекттин техникалык абалын жана курулуш иштеринин талаптарга шайкештигин карашты. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш ченемдери жана эрежелери бузулгандыгы аныкталды. Буга байланыштуу “Береке Билдинг” ЖЧКсына 200 000 сом айып пул салынып, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу талаптары коюлду. Ошондой эле текшерүүнүн тиешелүү корутундусу чыкканга чейин аталган объекттеги курулуш иштери убактылуу токтотулду.
Эске салсак, өрт 13-ноябрда саат 18:40 чамасында катталып, ӨКМ табарынан саат 19:37де толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар болгон эмес. Курулуш министрлиги бардык компанияларды курулуш объектилериндеги коопсуздук талаптарын жана эрежелерин так сактоого чакырат.