Чаткалда тоодо калган 7 жаран куткарылды
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин тапшырмасы менен Чаткал районунда тоодо калып калган 7 жумушчу куткарылды.
11-ноябрда саат 15:25 чамасында Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чандалаш тилкесиндеги Кичи-Сандык жайлоосунда жеке компаниянын кен казуу иштерин жүргүзүп жаткан 7 жумушчусу (1 аял, 6 эркек) аба ырайынын кескин өзгөрүп, кар жаашынан улам жол каттамы жабылып, жайлоодо калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган маалымат боюнча райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын катышуусунда ыкчам жыйын өткөрүлүп, кырдаалды жеринен тактоо жана жумушчуларды коопсуз жайга алып чыгуу чечими кабыл алынган.
Тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон аймакта калган жарандарга жетүү үчүн куткаруучулар болжол менен 51 чакырым аралыкты 10 саатка жакын убакытта басып өтүшкөн. Натыйжада Кичи-Сандык жайлоосунда калган 7 жумушчу аман-эсен табылып, Кара-Шоро тилкесине жеткирилип, куткарылды. Абалды жеринен ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы Чынарбек Шекенов координациялады. Учурда куткарылган жарандардын ден соолугунун абалы туруктуу.