Abank july
SerepTV Logo

Бишкекте куткаруучулар кудукка түшүп кеткен жаранды куткарышты

Бишкекте куткаруучулар кудукка түшүп кеткен жаранды куткарышты
 
12-августта Бишкек шаарындагы Чүй проспектисинде жайгашкан үйлөрдүн жанында эркек киши канализациялык кудукка түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жөнөтүлгөн. Куткаруучулар атайын альпинисттик жабдуулардын жардамы менен жаранды канализациялык кудуктан коопсуз чыгарып, Ички иштер органдарынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жарандын абалы канааттандырарлык. Медициналык жардамга муктаждык болгон эмес.