Бишкекте «Асман Парк» ачылды
Кечээ, 9-сентябрда борбор калаада мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда «Асман Парк» үй-бүлөлүк оюн-зоок борборунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Майрамдык иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Гуля Кожокулова жана «Асман Парк» борборунун директору Айбек Сулайманбеков катышты.
Үй-бүлөлүк оюн-зоок борбор көп жылдар бою кароосуз калган мурдагы «Асанбай» паркын реконструкциялоонун негизинде түзүлдү. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында бул жерде аймакты комплекстүү реконструкциялоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү. «Бүгүн борбор калаабызда дагы бир сонун жай — «Асман Парк» ачылып жатат. Көп жылдар бою кароосуз калган аймак бүгүн заманбап, коопсуз жана эс алууга ыңгайлуу жайга айланууда», — деп белгиледи Бишкек шаарынын мэри.
Салтанаттуу концерттин жүрүшүндө кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздары Бек Борбиев, Айдана Дека, Аваз Акимов, Мирбек Атабеков, Jax, Мия Бойко жана Kairos тобу өнөр тартуулашты.
Долбоорго 1 миллиард сомдон ашык инвестиция тартылды. Реконструкциянын алкагында паркта заманбап эс алуу зоналары, сейилдөөчү аллеялар, оюн-зоок аянтчалар жана футуристтик дизайн элементтери пайда болду. Аймакка 1 000ден ашуун жаш дарак жана декоративдүү көчөттөр отургузулду. «Асман Парктын» башкы символу — 92 метр бийиктиктеги «Бишкек жылдызы» аттуу айланма дөңгөлөк. Ал Борбор Азиядагы эң бийик айланма дөңгөлөк болуп саналат. Анын бийиктигинен Бишкектин тоолоруна көз чаптырган панорамалык көрүнүш ачылат.