Бишкекте 22-августта айрым көчөлөр убактылуу жабылат
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин акыркы репетициясы 22-августта «Бишкек Арена» стадионунда өтөт. Ушуга байланыштуу саат 10:00дөн 19:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет:
– Аалы Токомбаев проспектиси — Чортеков көчөсүнөн Барпы Алыкулов көчөсүнө чейин;
– Д. Күйүкова көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Махатма Ганди (Муромская) көчөсүнө чейин;
– Эр-Тайлак көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин;
– Махатма Ганди көчөсү — Аалы Токомбаев проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин.