Abank_june
SerepTV Logo

Бишкек шаарында заманбап маданий борбордун курулушу уланууда

Бишкек шаарында заманбап маданий борбордун курулушу уланууда
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы борбор калаада заманбап маданий борбордун курулушун улантууда.

Долбоорго ылайык, 92 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жайы бар заманбап үч кабаттуу имарат курулат. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,4 гектарды, ал эми имараттын жалпы аянты 7 490 чарчы метрди түзөт. Маданий борбордо 420 орундуу кинотеатр, музыкалык жана театралдык класстар, 330 орундуу көргөзмө залы, фуд-корт, ошондой эле маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган көп функционалдуу мейкиндиктер каралган.

Бүгүнкү күндө имараттын жер төлө бөлүгүнүн темир-бетон каркасын куруу иштери толугу менен аяктады. Учурда биринчи кабаттын колонналарын орнотуу, кабат аралык жабууну бетондоо иштерине даярдык көрүү, ошондой эле курулуш аянтында топуракты кайра толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.