Royal
SerepTV Logo

Бишкек-Ош унаа жолунда чоң көлөмдүү таш көчкү түштү

Бишкек-Ош унаа жолунда чоң көлөмдүү таш көчкү түштү
Бүгүн, 5-майда түнкү саат 01:00-02:00 чамасында Бишкек-Ош эл аралык маанидеги унаа жолунун 440+000-(Тилке: Кара-Көл менен Таш-Көмүрдүн ортосу) чакырымында ири көлөмдөгү таш көчкү түшкөн.

Учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин атайын техникалары тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жолдун бир тарабы ачылып, унаалар үчүн бир тараптуу кыймыл камсыздалды. Экинчи тилкени толук ачуу боюнча иштер улантылып жатат.