Abank
SerepTV Logo

Бишкек мэриясы электросамокаттардын ылдамдыгын төмөндөтүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды

Бишкек мэриясы электросамокаттардын ылдамдыгын төмөндөтүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды
Бишкек шаарынын мэриясы Министрлер кабинетинин «Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы Министрлер кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Долбоордо жеке мобилдүүлүк каражаттарынын (электросамокаттар жана башка ЖКК) уруксат берилген эң жогорку ылдамдыгын саатына 25 чакырымдан 15 чакырымга чейин төмөндөтүү каралган. Бул демилге шаардык инфраструктура шартында жөө жүргүнчүлөрдүн жана ЖКК колдонуучуларынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган. Өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү учурларынын көбөйүшү менен байланыштуу. Айрыкча мындай учурлар тротуарларда, сейил бактарда, коомдук жайларда жанеа кыймыл көп болгон аймактарда көбөйүүдө.

Саатына 25 чакырым ылдамдыкта жол кыйла узарып, башкарууну жоготуу жана кагылышуу кесепеттери жогору. Кошумча фактор катары ЖККнын коопсуз кыймылы үчүн атайын инфраструктуранын жетишсиздиги белгиленет. Ошондой эле долбоордо прокат операторлорунун орнотулган ылдамдык чектегичтерин өчүрүү же айланып өтүү учурлары үчүн жоопкерчилигин киргизүү сунушталган.

Кайталанган мыйзам бузуулар болгон учурда келишимдик мамилелерди токтотуу мүмкүнчүлүгү каралат. Ылдамдыкты саатына 15 чакырымга чейин төмөндөтүү жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында дүйнөнүн көптөгөн шаарларында колдонулган эл аралык тажрыйбага туура келет. Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылган: koomtalkuu.gov.kg