Abank_june
SerepTV Logo

Бишкек: Курулуш объектисинде чыккан өрт боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү

Бишкек: Курулуш объектисинде чыккан өрт боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү
 
Бүгүн, 23-июнда саат 11:25тер чамасында Бишкек шаарынын Калтар айылында курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын жер төлөөсүндө өрт чыккан. Аталган өрт кырсыгы боюнча Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан ыкчам тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, аталган объекттин күн батыш тарабындагы жертөлө бөлүгүндө жүргүзүлүп жаткан гидроизоляциялык материал күйгөнү аныкталды. Алдын ала маалымат боюнча өрт курулуш конструкцияларын монтаждоо учурунда ширетүүдөн чыккан учкундардын чачырашы себеп болгону маалымдалды. Катталган факт боюнча курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Элим Хаус” ЖЧКсына карата коопсуздук талаптарын сактабагандыгына байланыштуу жазуу түрүндө эскертүү берилди. Атап айтканда:
• курулуш аянтчасындагы коопсуздук чараларын камсыздоо;
• Кыргыз Республикасынын КЧ 12-02:2018 "Курулуш өндүрүшүн уюштуруу" эрежелерин так сактоо;
• өрт коопсуздугу жана эмгекти коргоо боюнча талаптардын аткарылышын камсыздоо милдеттендирилди. Ошондой эле 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан сырткары, башкармалык тарабынан курулуш компаниясына аталган объектиге инженердик-техникалык экспертиза жүргүзүүчү Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун (ГИССИП), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт коопсуздугу кызматынан тиешелүү корутундуларды алуу милдеттендирилди. Курулуш министрлиги курулуш объектилериндеги коопсуздук талаптарын сактоо боюнча көзөмөлдү күчөтүүнү улантат жана бардык курулуш компанияларын тиешелүү техникалык коопсуздук ченемдерин так сактоого чакырат.