«Бишкек Аренада» ДКОнун ачылышына даярдык кандай жүрүп жатат? Видео
Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 27-августта видео жарыялап, «Бишкек Арена» стадионунун ичиндеги даярдык иштерин көрсөттү.
Стадиондо 31-августта өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) ачылыш аземине даярдык жүрүп жатат. Ачылыш аземине Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келе турган бир катар президенттердин катышуусу күтүлүүдө.
ДКОнун ачылыш аземи «Бишкек Аренада» өткөрүлө турган биринчи иш-чара болот.