Бүгүн, 1-декабрда Бишкекте марттан бери жабык турган кинотеатрлар, фудкорттор жана компьютердик клубдар иштей баштады. «Кинотеатрларда көрүүчүлөр бири-биринен шахмат сыяктуу алыс отурууга милдеттүү болот. Орундардын 50 пайызы гана толушу керек. Балдар ойной турган аянтчалар боюнча да ошондой талап коюлган. Ооругандар көбөйсө кайра жабабыз», — деди вице-мэр Айжан Чыныбаева. Анын айтымында, ар бир жайдын жетекчиси илдетке байланыштуу эрежелерди так сактоого, тийиштүү шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү.
Вице-мэр борбор калаада эл көп чогулган массалык иш-чараларга уруксат бериле электигин белгилеп кетти.