Abank_june
SerepTV Logo

Бир күндө 720 миң накталай эмес төлөм: Бишкек мэри коомдук транспорттун айдоочулары менен жолукту

Бир күндө 720 миң накталай эмес төлөм: Бишкек мэри коомдук транспорттун айдоочулары менен жолукту
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жол кирени накталай эмес төлөө тутумуна өтүүгө байланыштуу №2 ДЕПОнун аймагында муниципалдык коомдук транспорттун айдоочулары менен жолугушту.

Жаңы төлөм тутумун киргизүү транспорттук тейлөөнүн сапатын жогорулатууга, түшкөн каражаттардын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. «Ушул жылдын апрель айынан тартып айдоочулардын эмгек акысы 33 пайызга жогорулатылды. Эми биздин жалпы милдетибиз — жаңы окуу жылы башталганга чейин жол кирени накталай эмес төлөө системасын толук ишке киргизүү. Кечээ эле 720 миңден ашуун жүргүнчү жол киресин накталай эмес ыкма менен төлөдү», — деп белгиледи Бишкек шаарынын мэри.

Муниципалитет башчысы накталай эмес төлөмдүн башкы артыкчылыгы — келип түшкөн каражаттардын толук ачыктыгында экенин белгиледи. Бардык кирешелер коомдук транспортту тейлөөгө жана жаңылоого, айдоочулардын айлык акысын жогорулатууга, транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана тармактын башка маселелерин чечүүгө жумшалат. Мындан тышкары, буга чейин колдонулуп келген айдоочулардын план менен иштөө системасы жоюлуп, эмгек шарттарын адилеттүү жана ачык-айкын уюштурууга шарт түзүлөт. Мэр айдоочуларды жүргүнчүлөргө накталай эмес төлөмдүн тартибин сылык түшүндүрүүгө, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, ташуулардын коопсуздугуна өзгөчө бурууга жана кызматтык милдеттерин жогорку жоопкерчилик менен аткарууга чакырды.

Жүргүнчүлөргө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлери да коомдук транспорт каттамдарына чыгышты. Алар шаар тургундарына жол кирени төлөөнүн жаңы тартиби тууралуу маалымат берип, накталай эмес төлөм ыкмаларын колдонууга көмөк көрсөтүп, суроолорго жооп беришет.

Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, 1-июлдан тартып Бишкек шаарында жол кирени төлөөнүн альтернативдүү системасына толук өтүү күчүнө кирди. Жүргүнчүлөр жол кирени «Тулпар» транспорттук картасы, Visa, Mastercard жана «Элкарт» банктык карталары, ошондой эле QR-коддор жана башка электрондук төлөм сервистери аркылуу төлөй алышат. Бир жолку электрондук билетти колдонгондор үчүн QR-код аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү каралган.