Баткендеги сел: Жол каттамдары ачылып, электр энергиясы берилди
Кечээ, 22-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Баткен шаарынын аймагында жана Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Суу-Башы жана Алтын-Бешик айыл аймактарында, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында сел жүргөн.
23-июнга карата облус аймагындагы сел кесепеттерин жоюуга ӨКМден 71 куткаруучу, 7 техника, 3 мотопомпа, №3-ӨИКОдан 29 куткаруучу, 3 техника, 1 мотопомпа, ЖК кызматтарынан 44 кызматкер, 12 техника, айыл аймактан 9 кызматкер, 7 техника тартылган. Облуста жол каттамдары ачык. Электр энергиясы калыбына келтирилип, берилүүдө.
Жалпы 1 турак үйдүн ичине, 177 турак үйдүн огород участкасына, 17 турак үйдүн жертөлөсүнө, 23 турак үйдүн чарбалык курулуштарына сел кирген. 8800 метр ички чарбалык жолду бузган. 3 унаа зыян тарткан. 13 электр мамычаларын, 10 даана лоток агып кеткен жана 6 чакырым жол ар жеринен кум шагылга толгон, 3 ички чарбалык көпүрө, 1 электр тармактар ишканасы, 1 а/ө короосуна, 1000 метр сел өтүүчү сайдын ичи сел калдыктарына толгон, 4000 метр сел өтүүчү сайдын ар жеринен эрозияга учураган.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күч каражаттары жана куткаруучулар, Жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан сел кесепеттерин жоюу, аймактарды тазалоо жана келтирилген чыгымдарды тактоо иштери жүргүзүлүүдө.