Баткен шаарында бүгүн таза суу убактылуу берилбейт
Баткен шаарында 22-июнда катуу жааган жаан-чачындан улам сел жүрүп, электр энергиясы убактылуу өчүрүлгөн. Натыйжада Баткен шаардык таза суу кампасына суу топтолбой калган.
Ушуга байланыштуу бүгүн Баткен шаарынын аймагында борборлоштурулган таза суу берүү убактылуу токтотулат. Калкты суу менен камсыздоо муктаждыкка жараша атайын техника аркылуу жүргүзүлөт.
Селдин кесепетинен суу түтүктөрү жабыркаган эмес. Учурда тиешелүү кызматтар кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Тургундардан түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.