Балык жеминин импортуна 10-сентябрдан тартып 6 айга бөгөт коюлду
10-сентябрдан тартып Кыргызстандын аймагына балык тоюттарын импорттоого 6 айлык мөөнөткө убактылуу чектөө киргизилип жатат.
Бул чара ата мекендик балык тоюттарын өндүрүүнү колдоо жана өнүктүрүү, аквакультура тармагын стимулдаштыруу жана ички рыноктун импорттук продукцияга болгон көз карандылыгын азайтуу максатында көрүлүүдө. Учурда Кыргызстанда балык тоюттарын өндүргөн 4 завод иштеп, жылына 70 миң тоннага чейин продукция чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар. Тиешелүү токтом 10-сентябрдан тартып күчүнө кирет.