Royal
SerepTV Logo

Бала бакчалардын иштөө тартибинин өзгөрүшү боюнча министрлик түшүндүрмө таратты

Бала бакчалардын иштөө тартибинин өзгөрүшү боюнча министрлик түшүндүрмө таратты
Агартуу министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы балдар бакчасынын саат 8:00дөн 18:00гө чейин иштөөсүн төмөнкүдөй түшүндүрөт.
Министрлер кабинетинин 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 "Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомунда иштин узактыгы 6 күндүк иш жумалыгында 24 саат, 5 күндүк иш жумалыгында 3 саат, 10 саат, 24 саат деп белгиленген. Учурда өлкө боюнча бала бакчалардын 90%ы 10 сааттык режимде иш алып барат жана көпчүлүк учурда 8:00-18:00гө чейин иштейт. Бала бакчанын жумуш убактысы аяктаган учурда балдарды ата-энелери алып кеткенге чейин тарбиячылар кезмет менен карап турушат.