Abank_june
SerepTV Logo

Аламүдүн суусу таштандыдан тазаланды

Аламүдүн суусу таштандыдан тазаланды
Социалдык тармактарда Аламүдүн районунун Ленин айылындагы Аламүдүн суусунун тиричилик таштандыларына жана желим бөтөлкөлөргө толуп калганы тууралуу видео боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, Достук айыл өкмөтүнө караштуу «Ынтымак-Достук» муниципалдык ишканасына Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 17 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Буга чейин Аламүдүн суусу тиричилик таштандыларына жана желим бөтөлкөлөргө толуп калгандыгы боюнча видео социалдык тармактарда тараган. Ага Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы, Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жана Достук айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишкананын өкүлдөрү биргеликте тазалоо иштерин жүргүзүшкөн. Аны менен бирге министрликтин кызматкерлери жергиликтүү тургундарга айлана-чөйрөнү таза сактоо, тиричилик таштандыларын белгиленген жайларга чыгаруу жана экологиялык талаптарды так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тиешелүү эскертүүлөрдү беришкен.