Акыркы коңгуроого байланыштуу жаратылышы кооз аймактарда көзөмөл күчөтүлөт
Быйыл өлкөдө акыркы коңгуроо салтанаты 29-майда өтөт.
Бүтүрүү аземге карата бүтүрүүчүлөрдөн жана ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынат. Мектептен тышкары кошумча иш-чараларды уюштурууга, фейерверк, жарылуучу же кооптуу техникалык каражаттарды колдонууга, балдардын унаа башкаруусуна уруксат берилбейт.
Бул күнү юбилейлик даталарын белгилеп жаткан бүтүрүүчүлөрдүн дагы иш-чаралары бар. Буга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери өлкө аймагында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылышат. Акыркы коңгуроо күнү, ага чейин жана андан кийинки күндөрү дагы жаратылышы кооз аймактар, кафе-ресторандар, түнкү клубдар, көлдөр, суу жээктери, автоунаа жолдору милиция тарабынан көзөмөлгө алынат.
Ички иштер министрлиги мектеп жетекчилерин, ата-энелерди жана бүтүрүүчүлөрдү мыйзам талаптарын так сактоого жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат.