Royal
SerepTV Logo

Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды
Аксы районундагы Кара-Жыгач — Кара-Суу унаа жолунун бир тарабы ачылды. Түндөгү катуу жааган жаандан улам сел жолду толук бөгөп калган. Бул тууралуу Транспорт  министрлигинен маалымдашты.
Жолдун 9 жерин чоң сел алган. Таңдан бери жеринде "Кыргызавтожол-Түштүк" МИнин Nº12 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп, жамгырдан кийинки табигый кырсыктарды жоюу иштерин аткарышууда. Ушу тапта жеринде техникалар иштеп жатат. Жол каттам бир тараптуу ачык.