Ак-Буура дарыясынын корук аймагында жайгашкан “Байсан” рестораны буздурулду
Кечээ, 6-майда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин жетекчилиги алдында Ак-Буура дарыясынын корук аймагында жайгашкан “Байсан” ресторанын бузуу иштери жүргүзүлдү.
Шаар мэри белгилегендей, аталган объект буга чейин толук бузулбай калган. Мындан тышкары, ээлери мэрия тарабынан сунушталган мыйзамдуу талаптарга жана сүйлөшүүлөргө макул болбой, өз алдынча мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзгөн. Ушуга байланыштуу, мыйзам талаптарын сактоо, шаардагы тартипти калыбына келтирүү жана корук аймактарын мыйзамсыз курулуштардан тазалоо максатында “Байсан” ресторанын толугу менен бузуу чечими кабыл алынганы белгиленди. Ошондой эле шаар бийлиги корук аймактарында мыйзамсыз курулуш жүргүзүүгө жол берилбей турганын эскертип, жарандарды мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.
Ак-Буура дарыясынын жээгинде 10 гектардан ашуун аянтка сквер куруу каралып, учурда бул аймакта тиешелүү курулуш иштери активдүү жүрүп жатат.