Abank
SerepTV Logo

1-июнда унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет

1-июнда унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет
 
Балдарды коргоо күнүн майрамдоого байланыштуу 1-июнда саат 16:00дөн 22:00гө чейин Ала-Тоо аянтындагы айрым көчөлөрдө унаа кыймылы убактылуу чектелет.

Чүй проспекти Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү, ошондой эле Орозбеков көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү жабылат. Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан жана конокторунан убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну, каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүккө жараша альтернативдик жолдорду колдонууну суранат.