MIslamic Кыргызстандын Ислам каржы ассоциациясынын толук кандуу мүчөсү болду
MIslamic расмий түрдө Кыргызстандын Ислам каржы ассоциациясынын курамына кирди. Документтерге кол коюу аземи 15-июнда Бишкек шаарында өттү. Документке MBANKтын Башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Кайратбек Суранаев жана Ислам каржы ассоциациясынын төрагасы Талант Керимбаев кол коюшту. Буга чейин каржы институту уюмдун ишине ассоциацияланган мүчө катары катышып келген.
Ислам банкингин өнүктүрүү
Ассоциациянын толук кандуу мүчөсү болуу менен MBANK ислам банкингин өнүктүрүүнү пландаштырууда. Кайратбек Суранаев белгилегендей, ассоциацияга мүчө болуу жарандардын ислам каржы продуктыларына болгон ишенимин жогорулатууга жардам берет.
«Ислам каржысы өзүнүн табияты боюнча кризистерге туруктуураак келет, анткени ал адилеттүүлүк жана тобокелдиктерди кылдат баалоо принциптерине негизделген. Биздин максат — бул кызматтарды ар бир адам үчүн жөнөкөй жана жеткиликтүү кылуу», — деди Суранаев.
Ассоциацияда бул максаттарды толук колдошот. Уюмдун төрагасы Талант Керимбаев бүгүнкү күндө MBANK лидерлик позицияны ээлеп, ислам каржы тармагында локомотив болуп саналганын белгиледи.
Жакынкы максаттар жана милдеттер
Жакынкы мезгилде Ассоциация менен банк билим берүү долбоорлоруна жана Малайзиядан, Лондондон жана Перс булуңундагы өлкөлөрдөн капитал тартууга басым жасашат. Ошондой эле Кытай тараптан кызыгуу бар экени маалымдалды: КЭРдин эксперттери ислам банкингинин жергиликтүү тажрыйбасын кеңири изилдөөнү пландаштырууда.
Мындан тышкары, Шариат стандарттарын улуттук мыйзамдарга ылайыкташтыруу жана исламдык камсыздандырууну өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлөт. Өзгөчө көңүл халал принциптеринин негизинде ишкерлерди колдоого бурулат.
Эл аралык деңгээлге чыгуу
Ассоциация буга чейин эле улуттук рыноктун чегинен чыгып кеткен. Май айында Астана шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын кесиптик ассоциацияларынын ортосунда Эл аралык альянсты түзүү боюнча меморандумга кол коюлган. Келечекте Россия жана Тажикстандын өкүлдөрүнүн кошулуусу пландалууда.
«Биз үчүн өз моделибизди өнүктүрүү маанилүү. Бардык макулдашуулар толук бекемделгенден кийин, ислам каржысын өнүктүрүүнүн кыргыз модели бүтүндөй Евразия мейкиндигине жайыла баштайт. Бул процессте Ассоциациянын курамындагы биринчи банк катары MBANK негизги ролду ойнойт», — деп белгиледи АИФтин төрагасы Талант Керимбаев.
Маалымат үчүн
Ислам каржы ассоциациясы 2013-жылдан бери иш алып барып келет. Бүгүнкү күндө анын курамына 10дон ашык компания кирет. Жакынкы убакта дагы үч банктын кошулуусу менен Ассоциация тармактык рыноктун 90%ына чейин камтый алат.
MIslamic менен Ассоциациянын кызматташуусу 2025-жылдын июнь айында башталган.
MBANK — биринчи санарип! Кыргызстанда жасалган.
КР УБ №014/1 лицензиясы.