Abank_june
SerepTV Logo

MBANK колдонмосунда 0,1 граммдан баштап алтын — эми инвестиция ар бир адам үчүн жеткиликтүү

MBANK колдонмосунда 0,1 граммдан баштап алтын — эми инвестиция ар бир адам үчүн жеткиликтүү

Алтынга инвестиция салуу эми чоң сумма, банкка баруу же куйма сатып алууну талап кылбайт. Эми MBANK аркылуу алтынды түз эле колдонмодон — тез, ыңгайлуу жана болгону 0,1 граммдан баштап сатып алууга болот.

Эмне үчүн алтынга инвестиция салуу керек?

Бул баалуу металл кылымдар бою эң ишенимдүү коргоочу актив бойдон калууда. Валюталардан айырмаланып, алтын инфляциядан корголгон, экономикалык кризистерден улам баасын жоготпойт жана узак мөөнөттө туруктуу өсүп, жыйнактарыңызды сактоого жана көбөйтүүгө жардам берет.

Мурда алтын сатып алуу татаал көрүнчү: физикалык куйма алуу, аны сактоо, коопсуздугу жана кийин сатуу тууралуу ойлонуу керек эле.

Эми баары кыйла жөнөкөй — алтын санарип форматта болуп, ар бир адам үчүн жеткиликтүү болду!

Санарип алтын деген эмне?

Бул — физикалык куйма эмес, белгилүү көлөмдөгү алтынды сатып алуу форматы. Ал сиздин эсебиңизде санарип түрүндө сакталат.

Негизги артыкчылыктары:

• Металды өз алдынча сактоонун кереги жок
• Алтындын баасын онлайн көзөмөлдөп, каалаган убакта сатып алып же сата аласыз
• Эсепте сизге таандык болгон грамм саны көрсөтүлүп турат

MBANK аркылуу алтынды кантип сатып алса болот?

  1. MBANK колдонмосун ачыңыз

  2. «Металлдар» → «Алтын» бөлүмүнө кириңиз

  3. Каалаган грамм көлөмүн жазыңыз

  4. Актуалдуу курс боюнча сатып алууну төлөңүз

  5. Даяр — алтын сиздин эсебиңизге чегерилет

Бардык процесс болгону бир нече мүнөттү алат жана кошумча документтерди, банк бөлүмүнө барууну же татаал процедураларды талап кылбайт.

Жаңы кызмат акчасын сактагысы келгендерге инвестициядагы биринчи кадамын жасагандарга ылайыктуу. Бул үчүн профессионал инвестор болуунун кереги жок — минималдуу суммадан баштасаңыз болот.

MBANK каржылык куралдарды ар бир адам үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү кылууну улантууда, анткени акчаны башкаруу жөнөкөй жана ыңгайлуу болушу керек.

MBANK — биринчи санарип!

КР УБ №014 лицензиясы