Abank_june
SerepTV Logo

Ысык-Көлдө 5 жылдыздуу Marriott мейманканасы ачылат!

Бишкекте RAMS Global жана Marriott International компанияларынын кызматташуусунда Ысык-Көлдө ачыла турган ири Issyk Kul Marriott Resort курорттук мейманканасын куруу боюнча келишимге расмий кол коюу аземи болуп өттү. Бул Ысык-Көлдөгү алгачкы 5 жылдыздуу эл аралык мейманкана бренди болот. Иш-чарага RAMS Global компаниясынын Директорлор кеңешинин мүчөсү Эрдал Сейхан, Marriott International компаниясынын КМШ өлкөлөрү жана Түркия аймагы боюнча өнүгүү боюнча вице-президенти Иван Кисеев, Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Мекин Мустафа Кемаль Өкем, Туризмди өнүктүрүү Мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов жана башкалар катышты.