Кичинекей Гүлмира: "Абдумалик ата, Динара “мама” деп чоңойдум"
“Жаз келди гүл жамынып,
Жомоктой жер жаңырып.
Жазда мен да келгенмин,
Апам тилеп сагынып”.
Бул ырды ырдаган кичинекей Гүлмира эсиңиздеби? Сиздер биздин редакциядан “Гүлмира Рыспаеваны таап, маектешкилечи” деп көп жолу сурандыңыздар. Рыспаева Бишкекте. Биз, албетте, эксклюзивдүү маек тарттык. Интервьюда ал ушунча жыл бою кайда жүргөнүн, эмне менен алектенгенин, жашоо-турмушу тууралуу айтып, сиздерди сагынганын кошумчалады. Толугу менен видеодон көрүңүз.