SerepTV Logo

Чогулган каражат кайрымдуулукка жумшалат. “Альянс Алтын” Таласта марафон өткөрдү

Талас облусундагы Манас ордо комплексинде "Альянс Алтын" компаниясы тарабынан жарым марафон уюштурулду. Спорттук иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан келген 1,5 миңге жакын адам катышты. Жарым марафондун негизги максаты — сергек жашоо образын жайылтуу менен бирге кайрымдуулукка салым кошуу. Иш-чарадан түшкөн каражат Талас облусундагы балдар үйлөрүнө жана реабилитациялык борборлорго багытталат. Марафондун жүрүшү жана катышуучулардын маанайы тууралуу видеодон көрүңүз.