“Элдик банк” эл аралык делегацияларды кабыл алды
21-апрелде Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Банктар аралык бирикмесине мүчө-банктарынын эксперттери жана координаторлору катышкан кеңешме болуп өттү. Бул жылы ШКУнун БАБ ишинде Элдик Банк төрага милдетин аткарууда. Кыргызстанга Индия, Кытай, Пакистан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь жана Тажикстандан ШКУнун БАБга мүчө банктарынын делегациялары, ошондой эле, ШКУнун катчылыгынын өкүлдөрү келишти. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар банктар аралык кызматташууну өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Отурумдун жыйынтыктары боюнча ШКУнун БАБ 2027–2031-жылдарга карата орто мөөнөт келечекте андан ары өнүктүрүүнү, ESG, туруктуу жана инклюзивдүү каржылоо тармагындагы кызматташуунун жол картасын иштеп чыгууну кошо алуу менен, бир катар олуттуу документтерге баш тамгалар менен макулдукту бекитишти.