Элдик Банк 500 млн $ евробонддорду алгач ирет ийгиликтүү жайгаштырды
«Элдик Банк» ААК эл аралык капитал рынокторунда 500 млн АКШ доллары суммасында евробонддорду алгач ирет ийгиликтүү жайгаштырды. Бул тарыхый окуя болуп калды: Кыргызстанда биринчи жолу ата мекендик каржы институту дүйнөлүк капитал рыногунда ири көлөмдөгү каржылоону тартууга жетишип, улуттук экономиканын өнүгүүсүндө жаңы баракты ачты. Тартылган каражаттар экономиканын негизги тармактарын кредиттөөнү кеңейтүүгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга, туруктуу өнүгүү жана ESG жаатындагы демилгелерди колдоого, ошондой эле «жашыл» экономика чөйрөсүндөгү долбоорлорду каржылоого багытталат.