Wildberries жана сатуучуларга украин дрондорунун чабуулдарынан келтирилген жалпы чыгым 600-800 млрд рублга бааланды
Украиналык учкучсуз аппараттардын чабуулдарынан кийин Wildberries маркетплейсинин кампаларын жана инфраструктурасын калыбына келтирүүгө 147-223 млрд рубль талап кылынышы мүмкүн. Эгер объектилерди толугу менен демонтаждоо, калдыктарды чыгаруу жана аймакты рекультивациялоо зарыл болсо, чыгым 169-278,9 млрд рублга чейин өсүшү ыктымал. Мындай бааны Data Insight изилдөө агенттигинин башкы аналитиги Сергей Семко Forbes басылмасына берген маегинде келтирген.
Ал Wildberries платформасындагы сатуучулардын мүмкүн болгон жоготууларын 445-507,8 млрд рублга баалаган.
Ошентип, азыркы эсептөөлөр боюнча Wildberries менен анын сатуучуларына келтирилген жалпы зыян 600-800 млрд рублга жетиши мүмкүн.
Электрондук соода аянтчаларындагы товар жеткирүүчүлөрдүн ассоциациясынын (АПТЭП) жетекчиси Маргарита Евстигнеева билдиргендей, Wildberries кампаларына жасалган чабуулдардан 400 миңден ашуун сатуучу жабыркаган. Анын айтымында, жалпы чыгым 600-700 млрд рублду түзөт. Бул сумма алынбай калган кирешени да камтыйт, ал эми товарлардын өздүк наркы 200-300 млрд рублга бааланууда. Евстигнеева белгилегендей, айрым сатуучулардын товарларынын 95%ына чейин күйүп кеткен.
Украина июль айынын ортосунан бери Орусиянын эң ири маркетплейси Wildberries компаниясынын логистикалык борборлоруна үзгүлтүксүз соккуларды жасап келет. The Bell басылмасынын 5-августтагы баалоосуна ылайык, украиналык чабуулдардан Wildberries компаниясынын түз жоготуулары 100 млрд рублдан ашышы мүмкүн. Августтун башында сатуучулардын чыгымы 215-280 млрд рубль деп бааланган.
Орусиянын Борбордук банкы дрондордун чабуулдарынан жабыркаган чакан жана орто ишканаларды колдоону банктарга сунуштаган. Июль айынын аягында вице-премьер Александр Новак Экономикалык өнүгүү министрлигине, Финансы министрлигине жана Федералдык салык кызматына Борбордук банк жана бизнес коомчулугу менен биргеликте Wildberries компаниясына жасалган чабуулдардан жабыркаган ишкерлерди колдоо чараларын иштеп чыгууну тапшырган.