Abank_oct
SerepTV Logo

"Кыздын колуна тамеки басып, сабап, тумчуктуруп..." Казакстанда үрөй учурган окуя катталды

"Кыздын колуна тамеки басып, сабап, тумчуктуруп..." Казакстанда үрөй учурган окуя катталды

Алматы облусунда 16 жаштагы кызды уурдап, мазактоого шектелгендер кармалды. "Орда" басылмасы жазгандай, шектүүлөрдүн бири Масак айыл аймагынын акиминин аппаратынын кызматкери.

Милицияга кыздын апасы кайрылган. Апасынын айтымында, анын 15 жана 16 жаштагы кыздары бар. 16 жаштагы кызы зомбулукка туш болгон. Ал Шелек деген айылда чоң ата менен чоң апасынынын үйүндө болгон. Ага бейтааныш бирөө интернеттен жазган.

"Кызыма бир аял WhatsApp мессенжеринен "менин жигитим менен сүйлөшпө" деген жазуу калтырыптыр. Кызым макул болуп, жазган кишини кара тизмеге киргизген экен. Эртеси күнү аял кайра жазып, сүйлөшүүгө чакырыптыр. Кызым жаман ойлонбой эле чыккан экен",- деди апасы.

Алар кызды Масак деген айылга алып барып, бутун өптүрүп, жыгач менен зордуктап, колуна тамекини басып өчүрүп, жылаңачтап сууга салып, тумчуктурушкан. Андан тышкары 3 миллион теңге талап кылышкан. "Кызым мени менен байланышып, "жашагым келбей калды" деп айтты",- деди аял.

Учурда шектүүлөр кармалып, аларга кылмыш иши козголду. Шектүүлөрдүн бири Масак айыл аймагынын акиминин аппаратынын кызматкери болгон. Дагы бири 2 баланын апасы экени аныкталган. 

data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Orda.kz (@ordakazakhstan)

data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Orda.kz (@ordakazakhstan)

Экс-мэр Жеңишбек Токторбаевдин атасы дүйнөдөн кайтты

16:13 22.09.2026

Трамп 60 жылдан бери сакталып келген протоколду бузуп, Си Цзиньпинди учактын тепкичинен тосуп алды

09:52 24.09.2026

Президенттикке шайлоого кимдер катышарын билдирди? Тизмеде азырынча үчөө...

11:57 30.09.2026

Азия оюндары-2026: Асан Жанышов күмүш медалга ээ болду

16:35 30.09.2026

Жайытта багылган малдын этинин өздүк наркы 231 сомду түзөт

14:44 29.09.2026

Азия оюндары-2026: Мээрим Жуманазарова коло медалга ээ болду

18:28 30.09.2026

Эрлан Шеров Азия оюндарынын күмүш медаль ээси

15:13 02.10.2026

Жылдан-жылга Кыргызстанга кофе көп импорттолуп жатат (статистика)

14:20 02.10.2026

Азия оюндары-2026: Айпери Медет кызы жана Малик Шаваев коло медаль үчүн күрөшөт

14:14 02.10.2026