Индонезияда сейрек кездешүүчү кубулушту - күн желесиндей булуттарды тартып алышты
Май айынын башында Индонезиянын тургундары сейрек кездешүүчү атмосфералык кубулушту — күн желесиндей булуттарды тартып алышты. Бул көрүнүш өзүнүн өзгөчө жарыктыгы менен көпчүлүктү таң калтырды.
Бул оптикалык кубулуш суунун үстүндөгү бензин пленкасына окшош эффект берет жана күн нуру майда суу тамчыларына же муз кристалдарына тийип, дифракцияга учураганда пайда болот.
Бул көрүнүштүн видеолору интернетте бат эле тарап, көптөр аны монтаж деп ойлошкон. Бирок окумуштуулар анын табигый жол менен пайда болгонун тастыкташты.