"Өзгөн" футбол клубу 2026-жылкы Жогорку лиганын күмүш медалынын ээси болду
8-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын башкы чемпионаты 2026-жылкы Жогорку Лиганын жыйынтыктоочу - 30-турунун борбордук беттештери орун алды. Аталган тур алкагында «Өзгөн» (Өзгөн ш.) - «Нефтчи» (Кочкор-Ата ш.) беттеши Өзгөндүн «Ред Петролеум» стадионунда өттү.
2026-жылкы чемпионатта жеңишке болгон умтулуусун жана жогорку оюн чеберчилигин көрсөткөн «Өзгөн» клубу аталган беттеште 3:1 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетти. Натыйжада, команда упайларынын санын 62ге жеткирип, чемпионаттын жеңүүчүсү «Барстан» бир упай артта калып, турнирдик жадыбалда экинчи орунду ээледи жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Лигасынын күмүш медалдарына татыды. Күмүш байгенин ээси катары клубка КФБ тарабынан 70 000 $ өлчөмүндөгү байге берилди.
Быйылкы Кыргыз Республикасынын Жогорку Лигасынын чемпионаты 16 клубдун катышуусунда өтүп, сезондун жүрүшүндө командалар ортосундагы атаандаштык жогорку деңгээлде болду. Чемпиондук үчүн күрөш жана турнирдик жадыбалдагы алдыңкы орундар үчүн таймаш акыркы турга чейин уланып, күйөрмандарга кызыктуу жана курч беттештерди тартуулады.