"Барс" футбол клубу - 2026-жылкы Кыргыз Республикасынын чемпиону
8-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Лигасынын 2026-жылкы чемпионатынын жыйынтыктоочу — 30-туру өттү. Турдун беттештеринин бири Каракол шаарындагы «Ынтымак Арена» стадионунда орун алып, анда жергиликтүү «Барс» клубу Бишкек шаарынан келген «Бишкек Сити» командасын кабыл алды. Беттеш талаа ээлеринин 2:1 эсебиндеги жеңиши менен аяктады.
Эске салсак, буга чейинки 29-турдун жыйынтыгында караколдук команда өз упайларынын санын 67ге жеткирип, чемпионаттын аякташына бир тур калганда эле мөөнөтүнөн мурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Лигасынын чемпиону аталып, өткөн жылдагы чемпиондук титулун ийгиликтүү коргогон.
Беттештен кийин чемпиондук титулду жеңип алган «Барс» футбол клубун сыйлоо аземи болуп өттү. Ага Кыргыз футбол биримдигинин вице-президенти Дастанбек Конокбаев жана башкы катчысы Медербек Сыдыков катышты. Чемпиондук наамдын ээси катары караколдук клубга КФБ тарабынан 100 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылды.
Быйылкы Кыргыз Республикасынын Жогорку Лигасынын чемпионаты 16 клубдун катышуусунда өтүп, сезондун жүрүшүндө командалар ортосундагы атаандаштык жогорку деңгээлде болду. Чемпиондук үчүн күрөш жана турнирдик жадыбалдагы алдыңкы орундар үчүн таймаш акыркы турга чейин уланып, күйөрмандарга кызыктуу жана курч беттештерди тартуулады.