Токиодогу Олимпиада оюндарына бара турчу делегациянын курамы
23-июлда Токиодо Олимпиада оюндары башталат. Былтыр коронавирус пандемиясы курч болгонуна байланыштуу оюндар бул жылга калтырылган.
Япониядагы Олимпиада оюндарынын уюштуруучулары оюндардын ачылыш аземин спортчулардын салттуу парады" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/tokiodogu-olimpiada-kyrgyz-komandasynyn-paraddyk-kiiimi/">парады жок өткөрүүнү чечишти. Мындай чечим 15-июлда ЭОКтун президенти Томас Бахтын катышуусундагы өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын жыйынында кабыл алынды. Ачылыш аземи Улуттук олимпиадалык стадиондо болот.
Белгиленгендей, уюштуруу комитети жана ЭОК биринчи кезекте спортчулардын ден-соолугун сактоо үчүн чараларды көрүүдө. Ошондуткан Олимпиаданын ачылыш аземине катышуучулардын санынын чектелиши коронавирустун жайылуусунун алдын алуу менен да байланыштырышууда.
Жылдын негизги спорттук мелдештерине жиберилген Кыргызстандын спорт делегациясынын курамы:
Жетекчилер:
Саламат Эргешов - Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин Башкы катчысы, миссиянын башчысы;
Чолпон Жумагазиева - Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин кызматкери;
Нурлан Исмаилов - Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын башчысы;
Марат Аскарбеков - Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Спорттун жогорку жетишкендиктерин талдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы.
Спортчулар:
Айсулуу Тыныбекова, аялдар күрөшү (62 кг);
Мээрим Жуманазарова, аялдар күрөшү (68 кг);
Айпери Медет кызы, аялдар күрөшү (76 кг);
Эрназар Акматалиев, эркин күрөш (65 кг);
Узур Жусупбеков, грек-рим күрөшү (97 кг);
Атабек Азисбеков, грек-рим күрөшү (87 кг);
Акжол Махмудов, грек-рим күрөшү (77 кг);
Жоломан Шаршенбеков, грек-рим күрөшү (60 кг);
Дарья Маслова, марафон, жеңил атлетика;
Нурсултан Кеңешбеков, жеңил атлетика (1500 м);
Каныкей Кубанычбекова, ок атуу (пневматикалык мылтык, 10 м);
Денис Петрашов, сууда сүзүү (100, 200 м, брасс менен сүзүү);
Роман Петров, фехтование (шпага);
Владимир Золоев, дзюдо (81 кг);
Бекдөөлот Расулбеков, оор атлетика (96 кг);
Айаал Лазарев, грек-рим күрөшү (120 кг).
Машыктыруучулар жана дарыгерлер:
Виктор Суровцев, ок атуу;
Александр Черных, фехтование;
Азат Эркимбаев, грек-рим күрөшү;
Улук Карачолоков, грек-рим күрөшү;
Бактыгүл Алишева, дарыгер;
Константин Еремич, массажист;
Абдужалил Юнусов, дзюдо;
Евгений Петрашов, сууда сүзүү;
Өмүржан Молдодосов, оор атлетика;
Камбар Токтоналиев, оор атлетика;
Нурбек Изабеков, аялдар күрөшү;
Байгазы Кенжебаев, аялдар күрөшү;
Татьяна Борисова, жеңил атлетика;
Сатыбек Чокаев, жеңил атлетика;
Руслан Маджинов, эркин күрөш;
Сүймөнкул Табалды уулу, эркин күрөш;
Кабыл Макешев, пресс-атташе.
Федерациянын өкүлдөрү:
Шаршенбек Абдыкеримов - Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин Президенти;
Канат Аманкулов - КР УОКтун биринчи вице-президенти;
Жолдошбек Көлбаев - Азия дзюдо федерациясынын вице-президенти;
Мелис Турганбаев - Азия күрөш федерациясынын вице-президенти.