Abank
SerepTV Logo

"Токио-2020". Денис Петрашов 18-орун алып, финалга чыкпай калды

"Токио-2020". Денис Петрашов 18-орун алып, финалга чыкпай калды

Кыргызстандык Денис Петрашов Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарындагы оюнун жыйынтыктады.

27-июлда ал брасс стилинде сууда сүзүү боюнча 200 метрге мелдешке катышты. Жалпысынан бул дисциплина боюнча 40 спортчу ат салышып, алар 5 топко бөлүнүштү. Петрашов экинчи топто баштап, аны 2 мүнөт 10.07 секунд эсебинде жеңип алган.

Ушул аралыктын жыйынтыктоочу протоколунда кыргызстандык 18-орунду ээлеп, эң жакшы убактысы бар 16 спортчу жарым финалга өттү. Петрашовго жарым финалга чыгуу үчүн 0,12 секунд жетишсиз болду.

https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/07/1202878.b75d7fd326315c3d0d6eec1bcfed61de.jpg" alt="" width="927" height="713" />