Abank
SerepTV Logo

Сүйүнчү! Кыргызстандык мушкер Орусиянын бокс боюнча чемпионун утуп Hardcore FC чемпиону аталды (видео)

Сүйүнчү! Кыргызстандык мушкер Орусиянын бокс боюнча чемпионун утуп Hardcore FC чемпиону аталды (видео)
Бүгүн, 26-июнь күнү Москвада өткөн Hardcore Fighting Championship чемпиондугунда кыргызстандык мушкер Самат Абдырахманов Hardcore FC лигасынын чемпиондук курун жеңип, башкы байге - жаңы BMW автоунаасына ээ болду. Москва шаарында өткөн муштум урушунда 22 жаштагы кыргызстандык "Кыргыз" каймана аты менен таанымал Самат Абдырахманов атаандашы Орусиянын бокс боюнча чемпиону, өзүнөн оор салмактагы Лендруш Акопянды 4-раундда нокаут менен утуп, Hardcore FC чемпиондук куруна ээ болду. 22 жаштагы "Кыргыз" аталган Самат Абдырахманов буга чейин 6 ирет катары менен утушка ээ болгон. Hardcore FC - Орусиядагы муштум урушундагы ири спорттук турнир. 2020-жылы түзүлгөнү менен популярдуулугу артып, дүйнөдөгү промоушендердин арасында 3-орунда. 2 жылдын аралыгында Hardcore FC лигасында 50 турнир өткөрүлгөн. 2021-жылы Орусиянын Спорт министрлиги муштум урушун расмий спорт түрү катары кабыл алган.