Кикбоксинг боюнча спортсмендер мекенге кайтып келишти
Бүгүн, 28-сентябрда кыргызстандык спортсмендер Италиянын Венеция шаарында өткөн юниорлор жана кадеттер арасында кикбоксинг боюнча Дүйнө чемпионатынан кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Спортсмендерди "Манас" аэропортунан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Каныбек Думанаев тосуп алды. Мелдештер 18-27-сентябрь аралыгында өтүп, Кыргыз Республикасынын кикбоксинг боюнча улуттук курама командасы жалпы жыйынтык боюнча 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушкан.