Abank
SerepTV Logo

Дүйнө чемпиондугу. Айсулуу Тыныбекованын алгачкы атаандашы аныкталды

Дүйнө чемпиондугу. Айсулуу Тыныбекованын алгачкы атаандашы аныкталды

Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекованын биринчи атаандашы аныкталды.

3-октябрда Ослодо эркин күрөш боюнча кыз-келиндер турниринин катышуучуларына чүчү кулак тартылды. Кыргызстандын курама командасынан башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында 3 спортчу өз күчүн сынайт.

62 килограмм салмакта учурдагы чемпион Тыныбекованын беттеши 1/8 финалдык баскычтан башталат. Анын атаандашы япониялык Нонока Озаки болмокчу. Беттешке бүгүн, 4-октябрда чыгат.