Abank
SerepTV Logo

"Аэропорт иштебейт, көчөлөр ээн, талаптар катуу". Кыргыз лыжачы Пекинге кандай жеткенин айтты

"Аэропорт иштебейт, көчөлөр ээн, талаптар катуу". Кыргыз лыжачы Пекинге кандай жеткенин айтты

Кыргызстандын спорттук делегациясы бүгүн, 4-февралда Кышкы Олимпиада оюндарынын расмий аземи өтө турган Пекин шаарына ийгиликтүү жетти.

Олимпиадада Кыргызстандын намысын лыжачы Максим Гордеев коргойт. Делегация 2-февралда Кытайга учуп кетишкен. Алар кечээ, 3-февралда аэропортко конушту. Максим Гордеев өзүнүн Instagram баракчасында Пекинге кандай жеткени тууралуу жазып чыкты. "Бул жерде чектөөлөрдү эч ким жокко чыгарган эмес. Аэропорт иштебейт, көчөдө адамдар дээрлик жок. Талаптар катуу", - деп жазды ал.