Азия оюндары жыйынтыкталды
Кечээ, 4-октябрда Япониянын Айти префектурасы менен Нагоя шаарында өткөн XX Азия оюндарынын жабылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Азия оюндары 19-сентябрдан 4-октябрга чейин өтүп,45өлкөдөн келген 11 миңдей спортсмен катышты. Кыргызстандын курама командасы XX Азия оюндарына спорттун 30 түрү боюнча ат салышып, жалпы 168спортсмен жана 58 машыктыруучу катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө оюндардын расмий туусу кийинки Азия оюндарында өтө турган Катар мамлекетине өткөрүлүп берилди. XXI Азия оюндары 2030-жылы Доха шаарында өтөт.