Азия оюндары-2026: Жоломан Шаршенбеков финалда Өзбекстандын өкүлү менен беттешет
Бүгүн, 1-октябрда Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер уланууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Кыргызстандын атынан 60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып жаткан Жоломан Шаршенбеков финалга чыкты. Кыргызстандык спортсмен алгачкы беттешинде Түштүк Кореянын өкүлү Ким Дахюнду 9:0 эсебинде ишенимдүү жеңди. Ал эми чейрек финалда Түркмөнстандын өкүлү Азатжан Ачилов менен беттешип, атаандашын 8:0 эсебинде уткан. Финалдык беттеште спортсмен Өзбекстандын өкүлү Алишер Ганиев менен күч сынашат.
Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 15:14тө башталат.