Abank_oct
SerepTV Logo

Азия оюндары-2026: Таалайбек Байышев коло медаль үчүн беттешет

Азия оюндары-2026: Таалайбек Байышев коло медаль үчүн беттешет
 
Бүгүн, 1-октябрда Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында жиу-житсу боюнча мелдештер өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Кыргызстандын атынан 62 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып жаткан Таалайбек Байышев коло медаль үчүн беттешке чыгат. Байышев алгачкы беттеште Таиланддын өкүлү Сувижак Кунтонгду 2:2 эсебинде артыкчылык менен жеңген. Кийинки баскычта Бахрейндин өкүлү Абдулла Али Абдулланы 2:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты. Чейрек финалда Сауд Аравиянын өкүлү Абдулмалик Мохаммед Аль-Мурдхини 2:0 эсебинде уткан. Жарым финалдык беттеште Бириккен Араб Эмираттарынын өкүлү Омар Аль-Сувайдиге 0:4 эсебинде жеңилип калды.

Таалайбек Байышев Бишкек убактысы боюнча 12:35те коло медаль үчүн беттешет.
SEREP MEDIA