Abank_oct
SerepTV Logo

Азия оюндары-2026: Мурат Ботоев коло медаль үчүн күрөшөт

Азия оюндары-2026: Мурат Ботоев коло медаль үчүн күрөшөт
 
Бүгүн, 30-сентябрда Япониянын Айти-Нагоя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын спортсмени Мурат Ботоев коло медаль үчүн күрөшөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

130 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан Мурат Ботоев алгачкы беттеште япониялык Юта Нара менен килемге чыгып, 1:1эсебинде акыркы аракети үчүн женишке жеткен. Чейрек финалда ирандык Амин Мирзазадеге каршы беттешип, 0:3 эсебинде жеңилген. Коло медаль үчүн беттеште кытайлык Лингзе Менг менен килемге чыгат.
SEREP MEDIA