Азия оюндары-2026: Кыргызстандын желеги Японияда көтөрүлдү
Бүгүн, 17-сентябрда Япониянын Нагоя шаарындагы Nagoya Port Garden Pier аймагында XX Азия оюндарына катыша турган делегацияларды расмий тосуп алуу аземи өттү.
Иш-чара «Aichi-Nagoya 2026» Азия оюндарынын алкагында уюштурулуп, анда өлкөлөрдүн мамлекеттик желегин көтөрүү аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын делегациясы расмий тааныштырылып, өлкөнүн мамлекеттик желеги көтөрүлдү. Ошондой эле делегациянын өкүлдөрүнө уюштуруучулар тарабынан эстелик белектер тапшырылып, сүрөткө түшүү аземи уюштурулду. XX Азия оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи 19-сентябрда Япониянын Айти-Нагоя аймагында өтөт.