Азия оюндары-2026: Акжол Махмудов коло медаль үчүн күрөшөт
Бүгүн, 1-октябрда Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер уланууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Кыргызстандык спортсмен Акжол Махмудов 77 кг чейинки салмак категориясында күч сынашууда. Ал алгачкы беттешинде япониялык спортсмен Нао Кусакага жеңилип калган. Кусаканын финалга чыгышына байланыштуу мелдештин эрежелерине ылайык, Акжол Махмудов көңүл жубатуучу беттешке катышууга мүмкүнчүлүк алды. Көңүл жубатуучу беттеште Акжол Махмудов Казакстандын өкүлү Демеу Жадраевди 10:1 эсебинде ири айырма менен жеңип, коло медаль үчүн беттешүүгө жолдомо алды.
Эми кыргызстандык спортсмен коло медаль үчүн Кытайдын өкүлү Руи Лю менен күч сынашат. Мелдештер Бишкек убактысы боюнча 15:21де башталат.