Abank_oct
SerepTV Logo

Азия оюндары-2026: Абдурахман Муртазалиев коло медаль ээси

Азия оюндары-2026: Абдурахман Муртазалиев коло медаль ээси
 
Бүгүн, 3-октябрда Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында джиу-джитсу боюнча мелдештен Абдурахман Муртазалиев коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Кыргызстандык спортсмен 85 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып,алгачкы беттешинде Кувейттин өкүлү Насер Абдулкаримди артыкчылык упайы менен жеңген. Кийинки баскычта Камбоджанын өкүлү Моеун Лим Сопанханы 50:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, чейрек финалга чыкты. Чейрек финалда түштүк кореялык Сон Тэмуну артыкчылык упайы менен жеңип, жарым финалда Казакстандын өкүлү Мерей Кабдуллаевге 2:4 эсебинде жеңилип калды.

Коло медаль үчүн болгон беттеште Сингапурдун өкүлү И Аакус Хоу Юну 2:0 эсебинде жеңип, байгелүү орунга ээ болду.
SEREP MEDIA