Abank
SerepTV Logo

Азамат! Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпиону болду

Азамат! Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпиону болду
Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында (U-23) Дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болду. Ал чечүүчү беттеште армениялык Вазген Теванян менен кез келип, аны 10:2 эсеби менен жеңип алды. Бул аталган мелдеште Кыргызстандын командасы үчүн үчүнчү медаль.