Abank_june
SerepTV Logo

Ат-Башыда алгач ирет "Хан Кошой" эл аралык кулатуу эр таймаш турнири өтүүдө

Ат-Башыда алгач ирет "Хан Кошой" эл аралык кулатуу эр таймаш турнири өтүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда алгачкы жолу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция менен Кыргыз Республикасынын Кулатуу Эр Таймаш федерациясынын биргелешкен уюштуруусунда «Хан Кошой» эл аралык Кулатуу Эр Таймаш турнири өтүүдө.

Рейтингдик макамга ээ болгон турнирге Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Каракалпакстандан келген спортчулар катышып, жалпысынан 12 жуп күч сынашууда.

Турнирдин жыйынтыктары дүйнөлүк ММА статистикалык платформасы болгон Sherdog сайтына жарыяланып, спортчулардын эл аралык рейтингине таасирин тийгизет.

Мелдештин негизги максаты – Кулатуу Эр Таймаш спортун өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу жана улуттук спортту дүйнөлүк аренада даңазалоо.

Турнир кызыктуу жана курч таймаштар менен коштолуп, күйөрмандарга унутулгус спорттук маанай тартуулоодо.