Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын II сессиясынын ачылышы болду
Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын II сессиясынын расмий ачылышы болуп өттү.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин сессиясын ачык деп жарыялап, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жаңырды. Эске салсак, Конституциянын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.